Статкомитет: Кыргызстан — жаштардын өлкөсү

Жазылуу
10 кыргызстандыктын алтоо эмгекке жөндөмдүү жарандар. Ошол эле ондуктун үчөө — наристелер.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстан башка мамлекеттерден жаштардын басымдуулук кылышы менен айырмаланып турары Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында ымыркай көп төрөлөт?
Маалыматка ылайык, 10 кыргызстандыктын алтоо эмгекке жөндөмдүү келсе, ошол ондуктун үчөөсү наристе балдар. Ал эми пенсионерлер калктын болгону жети пайызын түзөт.

БУУнун классификациясына ылайык, 65 жаштан өткөн жарандардын саны жети пайыздан ашкан мамлекет кары өлкө болуп саналат. 2015-жылдын башына карата карылардын саны Кыргызстан калкынын төрт пайызын түзгөн.

Өлкөдөгү эркектердин орточо курагы 26 жаш, аялдыкы 28 жаш деп эсептелет.

Статистикага ылайык, Кыргызстанда уул балдар көп төрөлөт, бирок 35 жаштан өткөндөн кийин аялдар басымдуулук кылып, 80 жашка барганда өзү теңдүү эркектерден эки эсеге көп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0