Жалал-Абад — Маданият жолун оңдоо иштери март айында башталат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
70 чакырым келген унаа жолунун учурдагы абалы жергиликтүү элдин негизги көйгөйүнө айланган. Жолугушуу учурунда эл Сариевден аны оңдоого көмөк көрсөтүүсүн өтүндү.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынан Маданият айылына чейин унаа жолу март айынан тарта оңдоло турганы премьер-министр Темир Сариевдин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын учурунда белгилүү болду.

Асфальт кую иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы "Манас" аэропортуна кетчү жолдун курулушун тездетүүнү талап кылды
Өкмөт башчысы жергиликтүү эл менен жолугуп, баарлашкан. Сүйлөшүү учурунда жашоочулар аталган унаа жолдун абалы негизги көйгөйлөрдөн экенин айтып, өкмөт башчысыан аны оңдоого жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарынан баштап Маданият айылына чейинки жолдун узундугу 70 чакырымды түзөт. 

Аталган трассаны оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 60 миллион сом каралып, иш келерки жылдын март айында башталары белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0