КР зыяратчылары жылына 10 млн. Куран китеби басылып чыкчу басмакана менен таанышты

© Рахимжан НишановТипография в городе Мекка.
Типография в городе Мекка. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылыкка баргандар Куран китеби чыккан басмаканада болуп, анын иши менен жакындан таанышты.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын Мекке шаарында ажылык зыяратта жүргөн кыргызстандыктар Кааба Шарифтин имамы Шейх Хасан Бухарий менен жолугуп, каабадагы тарых музейи менен таанышты. 

Бул туурасында Ош облустук казыяты Ош облусунан зыяратчыларды жетектеп барган ажы башчылардын бири Рахимжан Нишановго таянып, маалымат таратты.

Меккага келген хадж мусулмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн ажылыктан кайткандардын алгачкы тобу Ошко келип конот
Нишановдун билдирүүсү боюнча кыргызстандыктар Медина шаарында жайгашкан "Карол Фахда" атындагы Куран китебин басып чыгаруу басмакана комплексинде конокто болушкан. Бул басмакана Куранды араб жана башка тилдерде басып чыгарат. Курандын 55 усулда которулган, тогуз тилде жарык көргөн котормолору, веб-сайттында окууга жана угууга ылайыкташтырылган варианттары бар. Бул басма комплексте 1700 кызматкер эмгектенет. Ал жерде жылына 10 миллион Куран китеби басылып чыгат.

Учурда Мекке шаарында жалпысы Ош облусунун 771 жараны зыяратта жүрүшөт жана кезеги менен 15-октябрга чейин кайтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0