Бишкекте музыкалык терапия боюнча семинар өтөт

Жазылуу
Семинарды өткөрүү үчүн адистер Европадан чакырылган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду Бишкекте 23-24-октябрда музыкалык терапия боюнча семинар өткөрөт. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан билдиришти. 

Музыкалык терапия боюнча иш-чараны балдардын "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борбору жана Калый Молдобасанаов атындагы кыргыз улуттук консерватория менен бирге "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусу өткөрөт.

"Семинарга европалык атактуу адис доктор Ханс-Хельмут Деккер-Фогт, бул багыттагы нече илимий китептердин авторлору Гамбург шаарынан келген Моника Тереза Хуг Антинк, Тина Поссельт окутуучулук кылат ",— деп билдирди маалымат кызматы.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" 2015-жылдын июнь-август айларында республиканын тоолуу аймактарында 87 өнүгүү борборлорун ачып, анда ашык малчылардын 2200дөн ашык балдарына билим берген "Жайлоо бала бакчалары" долбоорун алып барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0