Террористтерге каршы атайы операцияда жабыркаган үйлөрдүн курулушу жана ремонту аяктады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөрдү салуу жана оңдоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жасап, ага президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фонду тарабынан беш миллион сом бөлүп берилген.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкекте террористтерге каршы жүргүзүлгөн атайы операциянын негизинде жабыркаган беш үйдүн курулушу жана ремонт иштери аяктаганын мэрия билдирди.

Атайы операциядан жапа чеккендердин турак-жайын куруу улантылууда
Маалыматка ылайык, операция үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда болгон. Анда Шооруков жана Темиров көчөлөрүндө жайгашкан беш үй жабыркаган. 

Текшерүү учурунда эки үйдө жашоого таптакыр мүмкүн болбой калганын, дагы үч турак жай оңдоого муктаж экени айкын болгон. 

Үйлөрдү салуу жана оңдоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жасап, ага президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фонду тарабынан беш миллион сом бөлүп берилген.

Мэрия үйлөр жакын арада өз ээлерине тапшырыла турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0