Кыргызстандык футболчулардын мыкты сүрөөнчүсү Facebook пайдалануучуларынан аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Тажикистан оюнундагы күйөрмандар. Архив
Кыргызстан — Тажикистан оюнундагы күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү болуп Айнур аттуу кыз табылды, анын сүрөөн сөзү эң көп добушка ээ болгон.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Футбол федерациясы Кыргызстандын курамасын колдоо иретинде айтылган мыкты сүрөөн сөзгө жарыялаган сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Гимн менен айгайлаган сүрөөн — кыргызстандык күйөрмандар оюн учурунда
Facebook пайдалануучуларынын арасындагы сынак 1-октябрда башталган. Шарт боюнча, күйөрман федерациянын баракчасында каттоодон өтүп, "Кыргызстан", "Алга" жана "Жеңиш" деген сөздөрдү катыштырып сүрөөн сөзүн ойлоп табышы керек. Андан кийин төрт сапты пикир иретинде сынак тууралуу жазылган тексттин алдына жайгаштыруу зарыл.

Баракчада эң көп "лайкка" ээ болгон сүрөөндүн ээсине Кыргызстан — Бангладеш оюнуна билет берилмек.

Сынактын жыйынтыгы менен билетке Facebook тармагында Ai Nu Ra аттуу ат менен катталган кыз жеңүүчү болду. Анын төрт сабы 49 "лайк" алган. 

Мындан тышкары, Айнурга федерациянын атрибутикасы белекке берилет. Жеңүүчүнүн сүрөөн сөзү экинчи орунга ээ болгон Элимбек Көрпөбаевдин сүрөөнүнөн болгону үч добушка озуп кеткен. Ага федерация атайы белектерди камдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0