Атамбаев: бюджеттик жана аскер кызматкерлерин ипотекалык насыя менен камсыздоо зарыл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алуу учурунда.
Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент жолугушуу учурунда Ахметова менен узак мөөнөткө берилүүчү мамлекеттик ипотека программасын ишке киргизүү жана аны берүү механизмдерин талкуулады.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бюджеттик кызматкерлер жана аскер адамдарын  турак-жай менен жеткиликтүү камсыздоо зарылдыгын президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрайымы Нурсулу Ахметованы кабыл алуу учурунда билдирди.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кичи ГЭСтерди куруп, мал чарбачылыгын каржылайт
Маалыматка ылайык, өлкө башчысына агро-өнөр жай комплекси, тигүү, текстиль жана кайра иштетүү тармактарындагы чакан жана орто ишкердикти каржылоо процесси тууралуу маалымат берилди.

Президент ишкерлерди, фермерлерди арзан финансы ресурстары менен камсыздоо Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, ЕАЭБ алкагында экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, Атамбаев бюджеттик кызматкерлерди жана аскер адамдарын жеңилдетилген ипотекалык насыя менен камсыздоо учурдун талабы экенин баса белгиледи.

Президент жолугушуу учурунда Ахметова менен узак мөөнөткө берилүүчү мамлекеттик ипотека программасын ишке киргизүү жана аны берүүнүн жол-жоболорун талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0