Футболдук беттештен улам Киев көчөсүндө ири автотыгын пайда болду

© Sputnik / Эркин АлымбековБишкек шаарынын Киев көчөсүндө ири автотыгын пайда болду. Архив
Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө ири автотыгын пайда болду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Бангладештин командаларынын беттеши боло тургандыктан, түшкү саат 13.00дөн тарта Киев көчөсүндөгү кыймылга чектөө киргизилген. Беттеш башталганга чейин милиция стадиондун жана ага жакын аймакка көз салып турушу керек.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Бангладеш курама командаларынын бүгүн болчу беттешинен улам, Киев көчөсүндө ири автотыгын пайда болгонун Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдады.

Кыргызстан — Бангладеш оюнунда тартипти милиция көзөмөлдөйт
Оюн кечки саат сегизде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Чүй, Тоголок Молдо, Исанов жана Фрунзе көчөлөрүндөгү кыймылга түшкү саат бирден тарта чектөө киргизилген.

Автоунаалардын көбү Киев көчөсүнө чыккандыктан, ал жакта ири автотыгын пайда болуп, анын кесепетинен Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылы жарым сааттай токтоп калган.

Шаардык жол кайгуул кызматынан билдиргендей, автотыгынды азайтуу үчүн тийиштүү кызматтын өкүлдөрү иштеп жатат. Бирок автоунаанын көптүгүнөн аларды жөнгө салуу оор болууда.

"Кыймыл жай, жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат", — деп аталган кызматтан билдиришти.

Чүй, Эркиндик, Жибек Жолу жана Исанов көчөлөрүндөгү кыймыл оюн аяктагандан кийин түнкү саат ондо калыбына келтирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0