Жаңы келе турган депутаттар эски креслолорго эле отурмай болду

Жазылуу
Отургучтарды сатып алуу боюнча маалымат 8-октябрда мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында жарыяланган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы жаңы депутаттардын ар бирине 310 долларлык кресло сатып алуу боюнча тендерди жокко чыгарды. Кресло сатып алууга карата тендер токтотулганы жөнүндө маалымат порталга илинди. Тендер ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдун буйругу менен жокко чыгарылганын парламенттин аппаратындагы булактар билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бюджеттин эсебинен 2,6 миллион сомго парламенттин административдик залындагы жыйындар үчүн 120 кресло сатып алууну пландап жаткандыгын кабарлаган.

"Тендердин жокко чыгарылышы жөнүндө маалымат порталга илинди жана бул боюнча төраганын буйругу бар", — деди ЖК өкүлү.

Социалдык тармакта жаңы депутаттарга арналып алына турган 120 кресло боюнча флешмоб башталды
Отургучтарды сатып алуу боюнча маалымат 8-октябрда мамлекеттик сатып алуулардын расмий сайтында жарыяланган. Мындан кийин коомчулукта ар кыл маанайдагы пикирлер жарыяланып, ал бюджеттик каражаттын ашыкча ысырап болуп жатышы катары бааланган.

Социалдык тармактарга бир нече коомдук активисттер "эмне үчүн жаңыларын сатып алып жатышат, эскилерин колдонсо болбойбу?" деген суроолорго жооп издеп, өз пикирлерин жазып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0