Муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган дарбаза түрттүрүлдү

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүЭкскаватор. Архив
Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке турак-жай курулуш департаменти муниципалдык жердин эсебинен 245 чарчы метрге салынган дарбазаны аныктап чыгышкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында муниципалдык жерге салынган үйдүн дарбазасы түрттүрүлгөнүн мэрия билдирди.

Көчөнү тосо курулган чоң үйдүн короосунун дубалын мэрия түрттүрүп салды
Маалыматка ылайык, Көкчө-Тоо көчөсүндө жайгашкан үйдүн ээси жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип, дарбаза салып алган. Мындан улам, Жеке турак жай курулуш департаменти текшерүү маалында дарбазаны түрттүрүү боюнча Назгүл Акировага эскертүү берген. 

Анын негизинде үйдүн ээси 245 чарчы метрге салынган дарбазаны өз ыктыяры менен түрттүрүп салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0