Балдардын шоктугуна байланышкан өрт кырсыгы көбөйүүдө

Өрт өчүрүү иштери. Архив
Өрт өчүрүү иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республика боюнча катталган 10 өрт кырсыгына 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, андан жабыркаган адамдар болгон эмес.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өткөн суткада республика боюнча 10 өрт кырсыгы катталып, алардын басымдуу бөлүгүнө 5-7 жаштагы балдардын от менен ойношу себеп болгон деп билдирди ӨКМ.

Өрт кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сутка ичинде өлкө аймагында жыйырмага жакын өрт кырсыгы катталды
Маалыматка ылайык, балдардын оюнунан Кеминде короодо жыйылып турган 4,5 тонна чөп күйсө, Баткен районунда төрт бөлмөлүү үй болгон мүлкү менен өрттөнүп кеткен. Ал эми Ош облусунун Араван районунда эки кабаттуу сарай, жыйылып турган 4,5 тонна саман, беш тонна жүгөрүнүн бакалы күйүп кеткен.

Министрлик кырсыктан эч ким жабыркаган жок белгилейт. Жалпы жонунан окуя болгон жерлерге 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0