Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчиси Аткинсондун ордун эки киши ээлейт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр рудниги. Архив
Кумтөр рудниги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан "Кумтөр" алтын кенин казган компаниянын 33 пайыз акциясынынаээ.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчиси Ян Аткинсондун ордун эки киши ээлейт.

Компаниянын башкы директорлугуна Скотт Перри, ал эми президенттигине Фрэнк Херберт дайындалганын мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Буга чейин директорлук жана президенттик кызматты ээлеп келген Ян Аткинсон жумуштан кете турганын март айында эле билдирген.

Онтарио соту Centerra Gold Inc. компаниясынын 2,7 млн. акциясын камактан чыгарды
Перри менен Херберт өз кызматтарына 1-ноябрдан тарта киришет. 

Маалыматта жаңы дайындалган Перринин алтын казуу өнөр жайында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар экени айтылат. Буга чейин ал AuRico Gold Incorporated, Highland Gold жана Barrick Gold компанияларында каржы директору болуп эмгектенип келген. 

Фрэнк Хербертти компаниянын президенттигине дайындады. Ал буга чейин башкы юридикалык консультант жана катчы болуп иштеп келген. Жаңы кызматта Херберт компаниянын укуктук маселелерине, өкмөт менен мамиленин өнүгүшүнө жана келишимдерге жоопкер болот.

Компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Ланг Хербертке ишкананын кыргыз жана монгол өкмөтү менен үзгүлтүксүз байланышын камсыздоо милдети тагылганын белгиледи.

Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" алтын кенинин 100 пайыз акциясына ээлик кылат. Ал эми Кыргызстан аталган компаниянын жалпы акциясынын 33 пайызына ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0