Атайын операцияда жабыркап, кайра салынган үйлөрдүн ачкычтары ээлерине тапшырылды

© пресс-служба МЧС КРАтайын операцияда жабыркаган үйлөрдүн ордуна салынган үйлөрдүн бири.
Атайын операцияда жабыркаган үйлөрдүн ордуна салынган үйлөрдүн бири. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган беш турак жайдын үчөөнө ремонт жасалып, эки үй толугу менен жаңыдан курулуп чыкты. Ачкыч тапшыруу аземине вице-премьер Абдырахман Маматалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана мэрия өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Террористтерге каршы атайын операция учурунда жабыркаган тургундарга  үй ачкычтары тапшырылганын ӨКМ билдирди.

согушчандарды жок кылган УКМКнын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согушчандарды жок кылган "Альфачыларга" президент медаль жана саат такты
Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда өткөн операциядан Шооруков жана Темиров көчөлөрүндө жайгашкан беш үй жабыркаган. Текшерүү учурунда эки үйдө жашоого таптакыр мүмкүн болбой калганын, дагы үч турак жай оңдоого муктаж экени айкын болгон. 

Үйлөрдү салуу жана оңдоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жасап, ага президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фонду тарабынан беш миллион сом бөлүнүп берилген.

Аталган каражаттын 1,5 миллиону үч бөлмөлүү, ал эми 2,6 миллион сому беш бөлмөлүү үйдүн курулушуна жумшалган. Жалпы сумманын 900 миң сому калган үч үйдү оңдоп-ремонттоо иштерине чыгымдалган. 

Ачкыч тапшыруу аземине вице-премьер Абдырахман Маматалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана мэрия өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0