Ботаникалык бакты тинтүүдөн эч ким табылган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери ботаникалык бакты тинтүү учурунда. Архив
ИИМ кызматкерлери ботаникалык бакты тинтүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдөн тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө изин жашырганга үлгүргөн. Учурда алар изделип жатат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ботаникалык бакты тинтүүдөн эч натыйжа болбогонун ИИМ билдирди.

Шаршемби күнү эртең менен милицияга Курманжан датка көчөсүн бойлой жайгашкан Ботаникалык бактын аймагында түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлерге окшош жарандар жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге дароо ИИМдин ыкчам аракеттеги бөлүк кызматкерлери менен кинологдор келишкен.

ИИМ качкын кылмышкерлерди издеп ботаникалык бакты тинтүүдө. Окуя болгон жерден сүрөттөр
Ал эми соцтармактарда дал ошол аймакта атышуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарап кеткен. 

Эртең менен башталган издөө иш-аракеттери эч майнап чыккан жок. 

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө изин жашырганга үлгүргөн. Учурда алар изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0