Шаар күнүнө карата 19 чакырымдык веложүрүш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВелосипеды на площади "Ала-Тоо". Архивное фото
Велосипеды на площади Ала-Тоо. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара "Ала-Тоо" аянтынан башталып, эски аянттан соңуна чыгат. Катышуучулардын коопсуздугу үчүн иш-чара болуп жаткан маалда тийиштүү көчөлөр милиция кызматкерлери тарабынан жабылат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнө карата веложүрүш өтө турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык,  шаардык муниципалитет уюштуруп жаткан бул иш-чара 17-октябрь күнү саат 15.00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтынан старт алат.

Республикалык спартакиадада Бишкек шаарынын командасы алдыда келе жатат
Веложүрүш Байтик баатыр көчөсүнөн баштап жогору карай Түштүк магистралына чейин, андан кийин Бах көчөсү менен Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнө өтөт. Ал жактан Лев Толстой көчөсү менен Жаш гвардия проспектине чыгып, Чүй проспекти менен эски аянттан токтойт. Жүрүштүн жалпы аралыгы 19 чакырымды түзөт.

Катышуучулардын коопсуздугу үчүн иш-чара учурунда тийиштүү көчөлөр милиция кызматкерлери тарабынан жабылат.

Мэрия бардык спорт сүйүүчүлөрдү веложүрүшкө катышууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0