Кыргызстандын Ыраакы Чыгыштагы Ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев жана Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясынын ректору Юрий Плесовских кол коюшту.

Хабаровск шаарындагы университеттен билим алууга кыргызстандыктар үчүн шарт жакшырат

(жаңыланган 15:07 15.10.2015)
Учурда Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясында сегиз кыргызстандык студент түрдүү факультеттердин 1-курсунда акысыз билим алууда.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Россиянын Хабаровск шаарында билим берүү боюнча Кыргызстан менен кызматташуу тууралуу келишим түзүлүп, ага Кыргызстандын Ыраакы Чыгыштагы Ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев жана Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясынын ректору Юрий Плесовских кол коюшту. Бул тууралуу консулдуктан билдиришет.

Эки тараптуу келишимде кыргызстандык студенттердин аталган окуу жайда билим алуусуна жетиштүү шарттарды түзүү каралган. Ага ылайык, мындан ары окуу жай жыл сайын Кыргызстандын абитуриенттери үчүн акысыз окуу орундарын бөлүп турат. Хабаровск мамлекеттик экономика жана укук академиясы юридика, экономика, соода, тейлөө, бажы адистиктери боюнча билим берүүчү Ыраакы Чыгыштагы ири окуу жайлардын бири. Учурда сегиз кыргызстандык студент академиянын түрдүү факультеттеринин 1-курсунда акысыз окуп жатат. 

Мындан сырткары, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик байланыш жолдору университетинде 30дан ашык кыргызстандык улан-кыздар жогорку билим алууда.

Белгилер:
билим берүү, Консул, Кадырбек Мырзабаев, Хабаровск, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандык 100 курсант чет өлкөдөн билим алат
Кыргызстандыктар эми Хабаровскиден бекер билим алышат
Бишкектеги маршрутка айдоочу. Архив

Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Ассоциациянын жообу

(жаңыланган 11:52 23.04.2021)
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын кабарчысына "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.

Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

Николаидинин айтымында, ага дагы мындай кептер жеткен. Бирок төрага бул ортодогу чагымчылдардын кылганы деп эсептейт.

"Биз иш таштоону пландаган жокпуз. Бул теманын тегерегинде ким мынчалык чуу көтөрүп жатканын билбейм. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек, башка жолу жок. Бизде мэриянын токтому бар. Комиссия тарифтерди көтөрүү боюнча долбоорду даярдаган. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишке киришери менен сессияда бул маселе каралат деп ишенем. Айрым айдоочулар шаар жетекчилиги тарифти көтөрүп беребиз деп коюп, убадасына турган жок деп башкаларды иш таштоого үгүттөп жатыптыр деп уктум. Тиешелүү кызматтар аларды издеп тапсын. Бирок бир дагы фирма иш токтоткусу келген жок. Мындай жол менен көйгөй чечилбейт", — деди ал.

Ушул тапта Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана жетекчилеринин жыйыны өтүп жатканы белгилүү.

Жол кире көтөрүү талабы

Быйылкы жылдын январь айында жол кирени көтөрүп берүүнү талап кылган беш фирмага тиешелүү 400дөй маршрутка ишке чыкпай койгон. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.

Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ага жок дегенде май айына чейин убакыт керектигин айткан.

Белгилер:
иш таштоо, айдоочу, талап, жол кире, маршрутка, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Мэрия айдоочуларга, элге кайрылды
COVID-19 менен оруган бала менен медициналык кызматкерлер. Архив

Нур-Султанда коронавирус менен ооруган балдардын саны өсүүдө

(жаңыланган 11:47 23.04.2021)
Казакстандын борборунда күнүнө коронавирустун 350дөн 650гө чейин жаңы учуру катталып жатканы айтылып, оору бөбөктөрдө да көп аныктала баштаганы маалым болду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.

"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.

Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.

Белгилер:
бала, оору, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы