Кыргыз балы азербайжан элине тартууланды

Жазылуу
Кыргызстандын балы 2013-жылы Украинада жана 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн сынакта мыкты деп табылган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан бал жана балчылык продукциясынын көргөзмө-жармаңкесине Кыргызстандын балы катышып жатканын аталган Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын шириндиги аталган жармаңкеге экинчи ирет катышууда. 

"Кыргызстан желегинин алдында өлкөнүн Ат-Башы, Ысык-Көл, Токтогул аймактарынан чогулган бал жана балчылык продукциялары тартууланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Кыргызстандын балы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын балы 146 мамлекеттин ичинен мыкты аталды
Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында башталып 30-октябрга чейин улана турган көргөзмө-жармаңкеге Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Айжигит Буранов да келип, катышуучулар менен жолугуп, аларга ийгилик каалады.

Кыргызстандын балы 2013-жылы Украинада жана 2015-жылы Түштүк Кореяда өткөн сынакта мыкты деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0