ИИМ кызматкери Дордой базарындагы райондордо издөө малы.

ИИМ кылмышкерлер жашырынып жүргөн "Дордойдогу" ок атуу боюнча түшүндүрмө берди

283
(жаңыланган 15:19 19.10.2015)
Түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин бири бүгүн эртең менен укук коргоо органдары тарабынан жок кылынган. Экинчиси учурда изделип жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. ИИМ "Дордой" жаңы конушунда качкын кылмышкер Азамат Мусуралиевди издөө учурунда жаңырган курал үнү боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин милицияга аталган качкындын "Дордой" конушунда жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышкерлердин бири "Дардой-1" жаңы конушунда жок кылынды.

Министрлик атайы дайындоо бөлүгүнүн жоокери дарбазадан секирип өтүп жатканда автоматы кулап, атылып кеткенин билдирди. Октон эч ким жабыркаган эмес. 

Дүйшөмбү күнү №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыгып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылышкан. Жаракат алган офицер операциядан кийин ооруканада каза болду. 

Качкындардын бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Анын бири өлтүрүлүп, калганы изделип жатат.

ИИМ качып жүргөн кылмышкерлердин жашынган жери тууралуу маалымат берүүнү элден суранат. Мындай маалымат берген жарандар үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык бере турганын да билдирген.

283
Белгилер:
кылмышкер, автомат, жаңы конуштар, милиция, ИИМ
Тема:
№50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер (125)
Тема боюнча
Милиция Дордой аймагынан кылмышкерлердин багынып берүүсүн талап кылууда
Түрмөдөн качкан Данияр Кадыралиевди жок кылуудан кийин тартылган оперативдүү тасма