Сариев алп акын Алыкулдун айкелинин ачылышына катышып, каражат тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев залкар акын Алыкул Осмоновдун айкелинин ачылышында.
Премьер-министр Темир Сариев залкар акын Алыкул Осмоновдун айкелинин ачылышында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыкул Осмонов атындагы фондуга Темир Сариев президенттин жана өкмөттүн атынан акчалай жардам тапшырды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун айкелинин ачылышына катышты. Айкел Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата ачылды.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун айкелинин ачылышына катышты
1/3
Премьер-министр Темир Сариев Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун айкелинин ачылышына катышты
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде президент жана өкмөттүн атынан сүйлөп, акындын кичи мекенинде айкелинин ачылышы маанилүү окуя экенин белгиледи
2/3
Премьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде президент жана өкмөттүн атынан сүйлөп, акындын кичи мекенинде айкелинин ачылышы маанилүү окуя экенин белгиледи
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйкел Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата ачылды.
3/3
Айкел Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата ачылды.
1/3
Премьер-министр Темир Сариев Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун айкелинин ачылышына катышты
2/3
Премьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде президент жана өкмөттүн атынан сүйлөп, акындын кичи мекенинде айкелинин ачылышы маанилүү окуя экенин белгиледи
3/3
Айкел Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында залкар акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата ачылды.

Темир Сариев Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесинде президент жана өкмөттүн атынан сүйлөп, акындын кичи мекенинде айкелинин ачылышы маанилүү окуя экенин белгиледи.

Быйыл кыргыздын классик акыны, поэзия алпы Алыкул Осмонов 100 жашка толду. Кыргыз коомчулугунда бул мааракеге карата ар кыл иш-чаралар өтүп жатат. 

"Бүгүн биз, 35 жыл гана жашаса да, миң кылымдык өнөрдү мурас кылып калтырган кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына таазим этип, анын рух дүйнөсүнө дагы бир жолу адамдык урматыбызды, сыйыбызды билдиргени турабыз. Алыкул Осмонов – чыныгы акындык өнөрдүн символу, кыргыз поэзиясынын туу чокусу. Алыкулдун Ата журтубузду даңктаган ырлары эң оболу туулган жерге болгон инсандык, мекенчилдик сүйүүнүн эталону", — деди Сариев. 

Премьер-министр Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын алкагында бир катар иштер аткарылганын билдирди. 

"Мындай иш-чаралар Кыргызстан менен эле чектелбестен жакында Түркияда акындын тандалган ырларынын жыйнагы түрк тилинде жарык көрдү. Эскерүү кечелери боордош өлкөнүн бир нече шаарында өттү",— деди премьер-министр. 

Өкмөт башчысы Алыкул Осмоновдун фондун түзүп, анын чыгармачылыгын изилдеп, китептерин бастырып, музейин ачууга талбай аракеттенген биздин мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Дом музей Алыкула Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Түркияда акын Алыкул тууралуу тартылган даректүү тасманын бет ачары өттү
Алыкул Осмонов атындагы фондуга Темир Сариев президентинин жана өкмөтүнүн атынан акчалай каражатты тапшырды. 

Sputnik агенттиги акындын юбилейине карата 24-мартта Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуу боюнча белгилүү инсандардын катышуусундагы видеодолбоорду баштаган

Долбоордун алкагында Sputnik Кыргызстан сайтынын жамааты Осмоновдун ырын окуу кезегин кесиптеш журналисттерге социалдык тармактан узатышкан. Демилге кызуу колдоого алынып, ал журналисттерден сырткары мамлекеттик деңгээлге көтөрүлгөн. Буга премьер-министр Сариев да катышып, Алыкул Осмоновдун "Ким болсом" ырын окуп берген.

Эстафета эл аралык деңгээлге чыгып, кыргыз акыны Алыкул менен башталган ыр кече Молдовага сунулган. Анын жүрүшүндө Молдованын белгилүү саясатчылары, коомдук ишмерлери, спорт чеберлери, музыканттары жана сүрөтчүлөрү өлкөнүн атактуу акындарынын чыгармаларын окуп башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0