Кара-Суудагы "Имам Ас-Сарахсий" мечитине жаңы имам дайындалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖаңы мечит курулуш иштери. Архив
Жаңы мечит курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечитте бир нече жыл имам болгон Камалов эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн деп шектелип 10-февралда ИИМ тарабынан кармалган.

Бишкек, 19-окт. — Sputnik. Кара-Суудагы "Имам Ас-Сарахсий" мечитине жаңы имам дайындалганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Аталган мечиттин жамааты, жергиликтүү эл Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков менен жолукту. 

"Аc-Сарахсий" мечитинде түшүндүрүү иштери уланууда
Жолугушууда Нурбек Орунбаев Ош облусунун мусулмандар казыятынын буйругуна ылайык "Имам Ас-Сарахсий" атындагы мечитине имам хатибдик кызматка жаңы дайындалган Толкин Халмирзаевди жергиликтүү жамаатка тааныштырды. 

Буга чейин аталган мечиттин имам хатибдик милдетин Кара-Суу районунун баш имам хатиби Сүйүн ажы Калыков аткарып келген.

Ал эми мечитке бир нече жыл имам болуп келген Рошад Камалов эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жана Сирияга кетүүгө үндөп жүргөн деп шектелип 10-февралда ИИМдин 10-башкы башкармалыгы тарабынан кармалган. Ал 2006-жылы август айында атайын кызматтардын терроризмге каршы операциясында жок кылынган имам Рафик (Мухаммадрафик) Камаловдун баласы.

Жаңылыктар түрмөгү
0