Бишкек шаарынын бир катар аймагында алты саат таза суу өчөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБанкага суу алуу. Архив
Банкага суу алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында 20-октябрда таза суу токтотулат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Эртең, 20-октябрда Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу токтотуларын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бир тонна суу 350 сом – сууну каналдан ташып ичкен алмалыктар
"Бишкексууканал" башкармалыгы билдиргендей, "Киркомстром" суу кампасында оңдоо иштери болгонуктан 20-октябрда эртең мененки саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагында таза берүү убактылуу токтойт.

Андыктан Ден Сяопин, Абаканск, Мурманск, Садыгалиев, Волкова, Кустанайск көчөлөрүндө таза суу берилбей. Андан сырткары "БСМ", "Нургаз" (газ толтуруу жери), "Астык" тегирмен комбинатында, доктор Бекбоевдин медициналык борборунда, "Счастливая страна" балдар бакчасында, №37, №42 орто мектепте, 97632 аскер бөлүгүндө жана "Бишкекжылуулукэнергонун" казан мештеринде таза суу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0