Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

© Sputnik / Степанов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыстар тобу 20 күндүн ичинде сынакка түшкөн эмгектерди карап, мыктысын тандап алат. Ар бир тармактын жеңүүчүсүнө 40 миң сомдон сыйлык белгиленген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын кезектеги сынагы жарыяланганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 2013-2014-жылдарга карата жаштар саясатын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлөт. 

Балдар үчүн чыгарма жазган акын-жазуучулардын мыктылары аталды
Сынакта адабият, музыкалык өнөр, журналистика, көркөм искусство, архитектура, театр, цирк, кино, илим, экономика, бизнес, спорт, жаштар саясаты тармагындагы эмгектер каралып, мыктылары аныкталат.

Иш-чарага эмгектер 26-октябрга чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр 11-ноябрда жарыяланып, байге тапшыруу аземи Улуттук филармонияда өтөрү күтүлүүдө.

Ар бир тармактын жеңүүчүсү 40 миң сомдон сыйлык алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0