БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мектептерде ыктыярдуу түрдө деген шылтоо менен акча чогултууларга карата чара көрүлө турганын Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Уважаемые родители школьников, напишите, пожалуйста, в комментариях или в сообщении, если вам приходится платить т.н. до…
Posted by Elvira Sarieva on 19 октября 2015 г.
2013-жылы 11-апрелде ошол убактагы билим берүү министри Канат Садыков билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу боюнча буйрукка кол койгон.
Быйыл Кыргызстанда 109 миңден ашуун жеткинчек мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Өлкө аймагында 2207 мектеп бар.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.