Премьер-министр №38 мектептеги окуяга жол бергендерге катуу чара көрүүнү тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев №38 мектептин окуучулары менен Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын тарбиялануучулары ортосунда болгон мушташка жол бергендерге карата катуу чара көрүү керектигин тапшырды.
Премьер-министр Темир Сариев №38 мектептин окуучулары менен Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын тарбиялануучулары ортосунда болгон мушташка жол бергендерге карата катуу чара көрүү керектигин тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү эртең менен колуна союл кармаган балдар №38 мектептин ичине чейин кирип барып, окуучуларды сабап кеткен.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев №38 мектептин окуучулары менен Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын тарбиялануучулары ортосунда болгон мушташка жол бергендерге карата катуу чара көрүү керектигин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Шейшемби күнү эртең менен колуна союл кармаган балдар №38 мектептин ичине чейин кирип барып, окуучуларды сабап кеткен. Анын кесепетинен беш окуучунун бети-башы канап, түрдүү жаракаттарды алышкан.

Ата-эне: олимпиадалык резервдер окуу жайын жаап салыш керек
Орун алган мушташ боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева башында турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Өкмөт башчы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчилигинин жана машыктыруучуларынын жоопкерчилигин кароону тапшырды. Ал эми мектептин ичин бүлүндүрүп, материалдык зыян алып келген окуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну кароо керектигин айтты.

Сариев ошондой эле, окуянын чоо-жайын тыкыр иликтеп, олимпиадалык резерв мектебинин кадрдык саясатын карап чыгуу керектигин баса белгиледи.

Ведомстволор аралык комиссия он күн ичинде мындай окуяларды болтурбоо үчүн тарбия иштери боюнча өзүнүн сунушун билдирүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0