Атамбаев үч эмдин энесине үй сатып алыш үчүн 1,2 млн. сом бөлдү

Жазылуу
Мектепте мугалим болуп иштеген экинчи топтогу майып Жылдыз Казиева Токмок шаарында батирде акча төлөп турарын, күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок экенин жана үйдөгү 2,5 жаштагы баласы да тубаса шал оорусу менен ооруй турганын маалымдаган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан үч эмдин энеси Жылдыз Казиевага турак жай үчүн 1 миллион 200 миң сом бөлүп бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч эм кыздуу болгон үй-бүлө өкмөттөн жардам сурады
Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө үч эм кыздарды жарыкка алып келген экинчи топтогу майып Жылдыз Казиева абалын көрүүгө келген вице-премьер Дамира Ниязалиевага баш калкалар үй жок экенин айтып жардам сураган.

Мектеп мугалими болуп иштеген 28 жаштагы Казиева Токмок шаарында батирде акча төлөп турарын, күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок экенин жана үйдөгү 2,5 жаштагы баласы да тубаса шал оорусу менен ооруй турганын маалымдаган. 

Өз кезегинде вице-премьер аталган көйгөйлүү маселелердин баарын өкмөт башчыга маалымдарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0