Нурбек Элебаев: тарифтин өсүшү калкты электр энергиясын үнөмдөөгө үйрөттү

Жазылуу
Кыргызстанда жылуулук менен электр энергиясына карата социалдык тарифти 21 пайызга жогорулатуу пландалууда. Ал 2017-жылы ишке ашат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын калкы электр энергиясы менен жылуулуктун тарифти жогорулашына даяр, анткени баа баскычтуу түрдө көтөрүлөт деп билдирди Sputnik агенттигине отун-энергетикалык комплексти башкаруу агенттигинин жетекчиси Нурбек Элебаев.

Капитальный ремонт здания городской детской клинической больницы в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жылуулуктун баасы 1-апрелден баштап кымбаттайт
Ал шаршемби күнү  эмдиги жылы жылуулук менен электр энергиясына карата социалдык тариф 21 пайызга, ал эми 2017-жылы 29 пайызга жогорулай турганын белгиледи.

Элебаевдин айтымында, тарифтер акырындык менен жогорулагандыктан, калк мындай жаңылыкты кадыресе кабыл алууда. Мындан тышкары, энергокомпаниялар менен мамлекеттин ишмердүүлүгү азыр алаканга салганда ачык көрүнүп турат.

"2010-жылы энергокомпаниялардын менчиктештирилиши менен баа 70 тыйындан 1,5 сомго кескин көтөрүлгөн. Азыр ишканалар мамлекетке таандык, анын үстүнө, иши ачык-айкын жүргүүдө", — деди ал.

Элебаев быйыл агенттик тарифтерди кескин жогорулатпастан, үч жылга түзүлгөн план боюнча иштей турганын белгиледи. 

"Акырындык менен бир киловатт-сааттын баасы 1,2 сомго жете турган көрсөткүчкө келебиз. Негизи учурда электр энергиясынын өздүк баасы 1,67 сомго жетти. Баары кымбаттап жатат", — деди атка минер.

Мекеменин жетекчиси тарифтердин жогорулашы менен калк электр энергиясын үнөмдөөгө үйрөнүп, өкмөт чечимдерин түшүнүү менен кабыл ала баштаганын кошумчалады. 

"Жети айдын аралыгында калк жана өндүрүш абоненттери 1,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясы үнөмдөлгөн", — деди ал.

Элебаев энергияны үнөмдөөгө чакыруунун дагы бир ыкмасы болуп свет жана жылуулук үчүн келген эсеп кагаздарындагы эскертүүлөр эсептелерин билдирди.

"Биз электр энергиясынын баасы эмнеден эсептелерин, үйдү кантип жылуулаш керектигин түшүндүрөбүз. Адамдар ошондо акча каякка кантип кетип жатканын ойлоно башташат", — деди чиновник.

Ал электр энергиясына болгон быйылкы баа 10 пайызга өсүп, 77 тыйынга жеткенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0