"Достуктагы" атайын операциянын экинчи варианты башталды

Жазылуу
ИИМ атайын атайын операциянын экинчи варианты туурасында майда-чүйдөсүнө чейин айта албастыгын билдирди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, учурда "Достук" кичи районунда милиция менен атышып жаткан Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча атайын операциянын экинчи варианты башталды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

"Атайын атайын операциянын экинчи варианты туурасында майда-чүйдөсүнө чейин айта албайбыз",— деди Сейитов.

Ал буга чейин атышуу учурунда милиция кызматкери жарадар болбогондугун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0