Салыкчылар шаардагы дүкөндөрдөн контрафактык спирт ичимдиктерин тапты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАлкоголь заводу. Архив
Алкоголь заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы эки дүкөндүн спирт ичимдиктерин сатууга лицензиясы жок экенин билдирди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 39 816 сомдук контрафактык 401 бөтөлкө спирт ичимдиктерин алды.

Контрафактык продукциялары "Зеба" жана "Авангард" дүкөндөрүнөн алынган.

"Бул эки дүкөндө тең спирт ичимдиктерин сатуу үчүн тийиштүү лицензиясы болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Тамеки кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: тамеки, алкоголь, аз кыймыл эркектердин өлүмүн көбөйтүүдө
Бул эки дүкөн атайын рейд учурунда аныкталган.

Салык кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгында "Бишкек Алко Пром" компаниясынан алынган арактардын акциздик маркалары жасалма болгону аныкталган. Сентябрь айында 6 232 бөтөлкө арак алынган.

Мамлекеттик салык кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы шектүү акциздик марка чапталган 6 миңден ашык бөтөлкөнү аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 199-беренеси (Жасалма акциздик маркаларды жасоо, сактоо жана сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0