ИИМ башчысы Итибаевди жок кылуу боюнча операциянын жообун өз мойнуна алууга даяр

Жазылуу
Жыйында министр террористтер менен сүйлөшүп, алар менен кепке келүү мүмкүн эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, курал-жарак бар жерде гуманизмге жол берилбейт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан кылмышкер Алтынбек Итибаевди жок кылуу боюнча операциянын жоопкерчилигин толугу менен өз мойнуна алууга даяр экенин ИИМ башчысы Мелис Турганбаев маалымат жыйында билдирди.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: Итибаевдин "Достукта" экенин милиция так билген эмес
Кечээ, 22-октбярь күнү түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операцияны ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев жетектеп, атышуу учурунда атайын даярдыктагы ыкчам отряддын жоокери 37 жаштагы Төлөбек Исмаиловдун башына ок тийип каза болгон.

Жыйында министр террористтер менен сүйлөшүп, алар менен макулдашуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, курал-жарак бар жерде гуманизмге жол берилбейт.

"Өзүңдү көздөй курал менен келе жаткан адамга кандай мамиле кылмак элең? Атасың да. Итибаев менен тил табышуу мүмкүн эмес эле. Туугандары барса да, сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкмак эмес", — деди министр.

11 күндөн бери изделген кооптуу делген кылмышкер Итибаев Эркингүл Мамбеталиева аттуу жаранга таандык үйдө жашырынып келген. Кылмышкер Мамбеталиеванын издөөгө алынган уулу Кайрат Салиевдин жакын таанышы болгон. Айрым маалымат булактарында Салиевдин Сирияда көз жумганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0