Москвада кыргыз азык-түлүгү сатылууда

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖарманкеде жашылча-жемиштерди сатуу. Архив
Жарманкеде жашылча-жемиштерди сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жармаңкеде Кыргызстанда өндүрүлгөн бал, минералдык суу жана улуттук суусундуктар, ширелер, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, ошондой эле жыгач уста менен теричилердин колунан чыккан буюмдар тартууланып жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Москва шаарындагы "Киргизия" кинотеатрынын жанында Кыргызстандын азык-түлүк товарларынын жармаңкеси өтүп жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жарманкеде алма сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвалыктар кыргыз товарларын азык-түлүк жармаңкесинен сатып ала алышат
Беш күндөн бери өтүп жаткан иш-чара Кыргызстанда өндүрүлгөн табигый таза продукция менен тааныштыруу жана аны жеткирүү боюнча жаңы соода өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү келишимге кол коюуну максаттайт.

Учурда жармаңкеде Кыргызстанда өндүрүлгөн бал, минералдык суу жана улуттук суусундуктар, ширелер, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, ошондой эле жыгач уста менен теричилердин колунан чыккан буюмдар тартууланууда. 

Соода жармаңкеси 28-октябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0