ЖАМК: тирүү калган качкын кылмышкерлердин ар бири өзүнчө камерада отурат

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери эшик жаап жатат. Архив
Абак кызматкери эшик жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынгандар күнү-түнү күчөтүлгөн көзөмөл астында экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы белгиледи.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 50-түрмөдөн качып чыккан тогуз кылмышкердин тирүү калган үчөө өзүнчө камераларда отурганын ЖАМКтын маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.

Анын айтымында, качкан түнү кармалган кылмышкерлер Болот Курбанахунов менен Музаффар Уринов Бишкектеги №1 түрмөдө камакта. 

"Экөө өзүнчө камераларда отурушат. Ал эми кармоо учурунда бутуна ок тийип, операция болгон Эдил Абдырахманов азыр 47-түзөтүү колониясынын ооруканасында дарыланууда", — деди Никсдорф.

12-октябрга караган түнү 50-түрмөдөн качып чыккан тогуз кылмышкердин бешөө ошол эле түнү кармалган. Из жашырууга үлгүргөн төрт качкындын үчөөнүн көзү тазаланып, бирин милиция кызматкерлери кайра кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0