Кышында селсаяктар атайын жайларда баш пааналайт

© Sputnik / Табылды КадырбековСелсаяк адам атайын жайда отурат. Архив
Селсаяк адам атайын жайда отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барар жери жок жарандарды атайы ачылган жайлар бир ирет ысык тамак жана төшөнчү орун менен камсыздайт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Суук түшкөндөн кийин Бишкекте селсаяктар үчүн атайы жайлар ачыла турганын мэрия билдирди.

Кичинекей баланын колдору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеминде селсаяктык жашоодо күн көргөн аял жаңы төрөлгөн баласын айылдашына берген
Маалыматка ылайык, алдыдагы кыш мезгилине карата ачыла турган жайларда бир ирет ысык тамак берилип, селсаяктык менен күн көргөн жарандардын жатар жери камсыздалат. 

Мында Бишкектин Свердлов районундагы 40-50 кишиге ылайыкталган имарат оңдолуп, мештер орнотулуп, алты тонна көчүр жеткирилди. Учурда жууркан-төшөк сатылып алынууда.

Октябрь районундагы 12-кичи райондо ачыла турган жай 60 кишини кабыл алууга даяр. Мындан тышкары, Ленин районунда туруктуу негизде иштеген "Кайрымдуулук борбору" учурда барар жери жок 28 бала менен 20 аялды күнүнө бир жолу ысык тамак жана жатар жери менен камсыз кылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0