Оштогу жаңы ачылып жаткан көпүрө туурасындагы он беш факты

© Айша КамиловаПодготовка к открытию эстакадного моста в городе Ош
Подготовка к открытию эстакадного моста в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк борбордун жашоочулары заманбап, көркөмдүү жана ыңгайлуу көпүрөлүү болушту.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Ош шаарында көптөн күткөн заманбап эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктады. Бүгүн анын салтанаттуу ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышат. Ал эми шаардыктар үчүн бул окуя өзүнчө майрамга айланмакчы. 

Түштүк борбордогу ири курулуштардын бири болуп кала турган эстакадалык көпүрөнүн курулушуна байланышкан 15 факты боюнча төмөндө көз салабыз. 

Көпүрөнү курууга кеткен каражат — курулуш иштери негизинен үч этапка бөлүнүп, ага кеткен каражат 284 миллион сом болду. 

Узундугу — 265 метр.

Туурасы — 23,9 метр.

Бийиктиги — 5,5 метр. 

© Айша КамиловаОткрытие эстакадного моста в городе Ош.
Открытие эстакадного моста в городе Ош. - Sputnik Кыргызстан
Открытие эстакадного моста в городе Ош.

Оордукту көтөрүүсү — көпүрөнүн бир балкасы 25 тонна салмакты көтөрөт. Баш-аягы 221 балка коюлган. Шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, сыноо учурунда 500 тонна салмакты көтөрө алды. 

Сыйымдуулугу — бир учурда төрт катар автоунаа батат.

Көпүрөнү салгандардын саны — орто эсеп менен алганда 150 киши болду. Ал эми акыркы үч күндө шыпырып, тазалап, көрктөндүрүп, жашылдандырганга тартылгандарды кошкондо 1000ге чукул адам иштеди.

11 айда курулуп бүттү — 2014-жылдын 16-ноябрында капсула салынган. Куруу мөөнөтү 17 ай деп белгиленип, бирок, алты ай эрте аяктады. 

Канча мезгилге чейин чыдайт — шаар мэри Кадырбаев "көпүрө кылымдарга кызмат кылат" деп, эми башкысы учурунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, каралып турушу керектигин айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПятнадцать фактов о новом мосте в Оше
Пятнадцать фактов о новом мосте в Оше - Sputnik Кыргызстан
Пятнадцать фактов о новом мосте в Оше

Курулушка кеткен бетондун көлөмү — 7,5 миң кубометр бетонду түздү. 

Велосипед жана жөө адамдар үчүн атайын эки жагында тротуарлар жана жол жасалган.

Пандустар орнотулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар унутта калган эмес. 

Эски көпүрө Навои көчөсүндө 1953-жылы курулган, эми анын ордуна заманбап жана чоң көпүрө пайда болду. 

34 ар кандай менчик объектилер түрттүрүлдү — бул жаңы көпүрөнүн түшүүсү үчүн жасалып, ага 120 миллион сом кеткен. Тагыраагы, бул каражатка түрттүрүлгөн жер тилкелери мэрия сатып алынган. 

Үнөмдөлгөн 100 миллион сом — мэр Кадырбаев 100 миллион сомдон ашуун каражат үнөмдөлгөндүгүн, ага жакынкы арада түштүк борбордо экинчи көпүрөнүн курулушу баштала тургандыгын айтты.

Эки мэрдин ээлиги

Ош шаарына көпүрө салуу маселеси боюнча экс-мэр Мелис Мырзакматов сыртынан сот жообуна тартылып, ал өлкөдөн чыгып кеткен.

Дегеле, түштүк борборго калаа ичиндеги автотыгындар, каттамдар маселесин алда канча жеңилдете турган эстакадалык көпүрө салуу иши экс-мэр Мелис Мырзакматовдун учурунда, 2013-жылдары, октябрь айларында башталган. Бул иш жалпы элдик демилгеге айланып, элден каражат чогултулуп, марафон да өткөрүлгөн. 

© Айша КамиловаПодготовка к открытию эстакадного моста в городе Ош
Подготовка к открытию эстакадного моста в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Подготовка к открытию эстакадного моста в городе Ош

Мелис Мырзакматов көпүрөнүн курулушунда коррупциялык жолдорго барган деп шектелип, 2014-жылдын ноябрь айында Кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Аны Ош шаардык соту жети жылга кесип, эл аралык издөөгө алды. Ал арада түштүк борборго түшө турган көпүрөнүн курулушу үчүн бир оңбогондой акча салган бир катар маданият ишмерлери аны сыйпалап таппай калган учурлар да болду.

Ошентип, көпүрөнүн экинчи долбоору чийилип, ага Мырзакматовдун ордуна келген Айтмамат Кадырбаев жетекчилик кылып, башталган курулуш бүгүн аягына чыкты. Ал эми аны курууга каражатты Россия өкмөтү грант түрүндө карады.

Жаңылыктар түрмөгү
0