Түркияда жол кырсыгына кабылган Арслан Асанкулов эсине келгенде операция жасалышы ыктымал

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОперация жасалуучу бөлмө. Архив
Операция жасалуучу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер консилиум өткөрүп, анын мээсинен доо кетпегенин айтышкан. Учурда ал жасалма жол менен дем алып жатат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Антальянын Кемер аймагында жол кырсыгына кабылып, учурда ооруканада эс-учуна келбей жаткан Арслан Асанкуловдун абалы оор бойдон экенин анын апасы Салтанат Акунова Sputnik агенттигине билдирди.

Түрк мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда жол кырсыгына кабылган КР жараны реанимацияда
24-октябрда Антальянын Кемер аймагында автобус жолдон чыгып ала салып, анда 12 киши жаракат алган. Алардын бешөө Кыргызстандын жарандары болгон. Экөөсүнүн жаракаты оор болгондуктан, ооруканага алып келинген. Манжалары сынган КР жаранына гипс коюлуп ооруканадан чыгарылган. Ал эми Арслан Асанкуловдун абалы оор болгондуктан, Антальядагы жеке оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Акунованын айтымында, учурда баласы эсине келе элек. Башындагы шишиги да толук тарабай жатат.

"Дарыгерлердин консилиуму болуп, баламдын мээсине доо кетпегенин айтышты. Ал эсине келгенден кийин операция жагы каралат. Азыр жасалма жол менен дем алып жатат. Дарыгерлер бала өз алдынча дем алуусу керетигин айтып, дем алдыруучу аппаратты жакында алабыз дешти", — деди ал.

Асанкуловдун абалы оор болгондуктан, ата-энесин эртең менен жана кечинде гана киргизип жатканын Акунова айтты.

"Кечээ кечинде абалы оор, бул жакта болгула дешкен. Түнү бою Кудайга жалынып ооруканада болдук. Дарыгерлерге барып керектүү дарылар жок болсо айткыла, алалы десек, бардык керектүү нерселер бар дешти", — дейт Арслан Асанкуловдун апасы.

Кырсыкка кабылган Кыргызстандын беш жараны быйыл "Авемлис" компаниясы аркылуу Түркияга иштегени кеткен. Учурда алардын төртөө 27-октябрда эртең менен Бишкекке учуп келгенин "Авемлис" компаниясынын жетекчиси Шерболот Аскербек уулу билдирди.

Арслан үч баланын улуусу экенин Салтанат Акунова кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0