Максуда Айтиева "ЭлТР" каналынын жетекчилигинен кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКресло. Архив
Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы директордун милдети учурда жетекчинин орун басарына жүктөлдү.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Максуда Айтиева кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Салык дикларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин арызы менен 4 салыкчы кызматынан кол жууду
Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев кол койгон.

Маалыматка ылайык, Айтиеваны кызматтан алуу сунушун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги берген.

Башка буйрук менен компаниянын жетекчилик милдети башкы директордун орун басары Айбек Мусаевге жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0