Airbus A330 учагы. Архив

Душанбе Бишкек Душанбе кошумча авиакаттамы ачылды

30
(жаңыланган 10:05 30.10.2015)
Жаңы каттам аптанын жума жана жекшемби күндөрү жүрүп турары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Душанбе — Бишкек — Душанбе кошумча жаңы авиакаттамы ачылганын "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы каттам "Манас" аэропортуна 30-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 21.50дө келип конот.

Жаңы каттам аптанын жума жана жекшемби күндөрү жүрүп турат.

30
Белгилер:
Душанбе, 'Манас' эл аралык аэропорту, аба каттам, аэропорт
Тема боюнча
Диль: Бишкек — Тбилиси — Франкфурт-на-Майне авиакаттамын ачуу зарылдыгы бар

Мелдешке суусаган балдар. Көлдөгү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты видеодо

9
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында спорттун беш түрү боюнча "Биримдик — 2021" аталышындагы дүйнө чемпионаты башталды.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Андрей Лактионов, Россиядагы "ММА - свободный поединок" уюмунун башчысы Василий Борисов, аталган уюмдун Кыргызстандагы төрагасы Александр Куценко, ONE FC уюмунун чемпиону Кямран Аббасов жана федерация өкүлдөрү катышты.

Алар спортчуларга ийгилик каалап, беттештерге старт берилди.

Кармаштар "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда жана ипподромдо болууда. Дүйнө чемпионатынын программасына ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай боксу кирген. Ага Россиядан жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди.

Мелдештин максаты мамлекеттердин биримдигин чыңдоо жана ар бир мамлекеттин спорту дени сак улутту тарбиялоону көздөй турганын көрсөтүү болуп саналат.

Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат.

9
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, чемпионат, спорт
Тема боюнча
Достукту чыңдап. Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатындагы салмакка түшүү учурунун видеосу
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова

Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

85
(жаңыланган 22:42 04.08.2021)
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ичинде эмоция кайнап турганын жашырган эмес. Ошол эле учурда ал калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин жазган.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиадада финалдык беттештен кийин алгачкы билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады.

Спортчу колдоо көрсөткөн кыргыз элине рахматын айткан.

"Кадырлуу кыргыз элим! Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам. Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", — деп жазган ал.

Тыныбекова калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин белгилеген.

"Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм. Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга! Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" — деген спортчу.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан баш-аягы үч медалдуу болду.

Кыргызстандан Токио шаарына, XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

85
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, билдирүү, олимпиада, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Айсулуунун жашы токтобой. Бүткүл Кыргызстанды ыйлаткан видео