Кыргыз милициясынын алгачкы генералы Эргеш Алиевдин 110 жылдыгы белгиленди

Жазылуу
ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев 45 жыл бою тынымсыз иштеп, кыргыз милициясын түптөгөн Эргеш Алиев кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп келгенин белгилеп өттү.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. ИИМ академиясында кыргыз милициясынын биринчи генералы Эргеш Алиевдин 110 жылдыгына арналган иш-чара болуп өткөнүн аталган министрлик билдирди.

Сариев милиция кыска убакытта элдин ишенимин кайтарышы керектигин эскертти
Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасынын алкагында академиянын музейи ачылып, "Алиев — кыргыз милициясынын алгачкы генералы" аттуу илимий-практикалык конференция болду.

Эскерүү Алиевдин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Ал эми конференцияда "Легендарлуу генерал" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев 45 жыл бою тынымсыз иштеп, кыргыз милициясын түптөгөн Эргеш Алиев кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп келгенин белгиледи.

Министр өз сөзүндө 110 жылдыгы белгиленип жаткан генерал Алиевдин ишмердүүлүгү кийинки муунга өрнөк экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0