АКШ мамкатчысынын келиши менен Бишкекте көчөлөр тосулат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖол белгиси. Архив
Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин бир катар көчөлөрү америкалык делегация өткөн учурда 10-15 мүнөткө жабыларын Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин келиши менен бир катар көчөлөрдүн жабылат. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга ишембиде келет
Мамкатчынын келиши менен эртең менен Махатма Ганди көчөсү, Жибек Жолу, Манас проспектилеринин бир катар жерлери, андан сырткары Керри токтогон "Хаятт Риженси" отелини жайгашкан Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылган.

Саат түшкү 12де Абдрахманов, андан ары Чүй, буга кошумча "Манас" проспектисинин өйдөнү карай "Ала-Арча" резиденциясына кеткен тарабы жабылат. Жол кайгуул кызматынан делегация өткөн учурда 10-15 мүнөткө тосуларын билдиришти.

Бул сапарда мамкатчы Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампсунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин бир имаратынын ачылышына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0