Тартип сакчылыгындагы кылымга жакын мезгил. Кыргыз милициясы 91 жашта

Жазылуу
Милиция түптөлгөндөн тарта бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болгону менен, милдети өзгөрүүсүз келе жатат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүн кыргыз милициясы өзүнүн 91 жылдыгын белгилеп жатат. 

Сариев: милициянын ишмердиги коомдун өзгөчө бир көңүл борборунда турат
Дал ушул күнү, мындан 91 жыл илгери Кара-Кыргыз автономдук облусу жергиликтүү милиция кызматын түзүп, кадрларды топтоо боюнча чечим кабыл алып, анын жетекчилигине Аркадий Арумов дайындалган.

Министрликтен бул жыл аралыгында анын түзүмү, курамы өзгөргөнү менен элге кызмат кылуу, кайраттуулук, кызматтык милдетти аткарып жаткандагы намыстуулук менен жогорку кесипкөйлүк өзгөрбөгөндүгүн айтышты.

Милиция басмачыларга каршы күрөшкөн ошол кездеги начар куралданган ыктыярдуу топтордон заманбап мамлекеттик органдарга чейин өсүп жетти.

Кыргыз милициясынын калыптанышына бир топ адамдардын, жетекчилердин, генералдардын салымы зор. Алар бул мезгилде өздөрү кызмат менен кошо тарбияланып, башкаларды тарбиялап, аталган системанын өнүгүшүнө салымын кошту. Алардын катарына милициянын генералы, бул күндөрү 110 жылдык юбилейи белгиленип жаткан Эргеш Алиевди кошсок болот.

Милиция кызматкерлери стройдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: милиция кызматкеринин жаңы образын түзүүгө көңүл буруу керек
Кыргыз милициясынын курамы ушул кезге чейин бир топ өзгөрүп отурду. Алгач, ал жергиликтүү Советке, анан Элдик Комиссариаттын ички иштери бөлүгүнө караган. 1946-1991-жыл аралыгында СССРдин Ички иштер министрлигинин курамында болуп келди. 1991-жылдан, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өзүнчө болуп, Кыргыз милициясынын кесиптик майрамын белгилей баштады. 

ИИМден учурда аталган ведомствонун төмөнкү бөлүктөрүндө бекемдөөлөр жана реформалар жүрүп жаткандыгын билдиришти. Аймактарда Ички иштер бөлүмдөрүнүн имараттары ачылып, айылдык милициянын бөлүмдөрүнүн кеңселеринин жана кызматкерлерге арналган турак-жайлардын курулушу жүрүп жатат. 

Кечээ, ишемби күнү Кыргызстандын аймагында милициянын кесиптик майрамына арналган иш-чаралар өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0