Футболчу аталарды колдоо: үй-бүлөлүк фотосессия

© пресс-служба ФФКР Кыргызстан курама командасынын футболчуларынын жубайлары балдары менен фотосессияга катышты.
Кыргызстан курама командасынын футболчуларынын жубайлары балдары менен фотосессияга катышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол федерациясынын билдирүүсүндө фотосессия алдыдагы беттешүүлөрдө дем-кайрат берүү максатында уюштурулган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын футболчуларынын жубайлары балдары менен фотосессияга катышканын Футбол федерациясы билдирди.

"Атаңды колдо" долбоорунун алкагында футболчулардын жубайлары күйөөлөрүнүн номери түшүрүлгөн футболкаларды кийип сүрөткө түшүштү. 

"Муну менен алар кыргызстандык футболчулардын Австралия (12-ноябрь, Канберра) жана Иордания (17-ноябрь, Бишкек) менен беттешүүсүнүн алдында кайрат-дем берет", — деп билдирди федерация.

Иш-чарага дарбазачы Павел Матяш, жарым коргоочу Антон Землянухин, чабуулчу Илдар Амров, коргоочу Вадим Харченко жана Павел Сидоренконун үй-бүлөсү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0