Кыргызстан элинин ден соолугу казакстандыктарга караганда чың

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттыкты сактоо министирлигинин логотиби. Архив
Саламаттыкты сактоо министирлигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдөгү ден соолугу мыкты болуп Сингапур, Италия жана Австралиянын жарандары аталды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Дүйнөнүн ден соолугу чың улуттардын рейтингинде Кыргызстан 145 мамлекеттин ичинен 101-орунду ээлегенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүнө таянып Bloomberg билдирди.

Изилдөө БУУ, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген маалыматынын негизинде жүргүзүлгөн. Тизмеде кыргызстандыктар тажикстан менен өзбекстандыктарды алдыга өткөрүп жиберсе, казактардан 10 орун алдыда жайгашкан. 

Калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуулугу боюнча 67-орунду ээледи
Ден соолугу чың улут болуп 89,45 пайыз менен сингапурлуктар эсептелинди. Андан кийинки орунду италиялыктар, тизмеде үчүнчү болуп австралиялыктар турат.

Изилдөө жашоонун узактыгы, балдар өлүмү, өлүмдүн себеби, 65 жаштан кийинки жашоонун узактыгы сыяктуу факторлор эске алынган.

КМШ жана мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен Эстония 57-орунду ээлеп, жогорку көрсөткүчкө жетишкен. Андан кийинки орунда Грузия (77-орун), Латвия (79-орун), Литва (81-орун) Тажикстан менен Өзбекстан (84-85), Азербайжан (87-орун), Белоруссия (91-орун), Казакстан (111-орун) турат.

Рейтингдин акыркы саптарын африкалык мамлекеттер ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0