Элдин акчасын кымырып алган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кармалды

Жазылуу
Жергиликтүү тургундардын салык төлөмдөрүн өз максаттарына пайдаланган жумушчулардын ишин учурда тергөө иликтеп жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бюджеттик каражатты кымырып алган факт аныкталганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын кызматкерлери жашоочулар тарабынан төлөнгөн салык жана башка төлөмдөрүн, жалпы жонунан 144 миң сом акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Аныкталган факт боюнча Финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0