ЕАЭБде унаа коридорлору электрондук паспорт менен иштей баштайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар. Архив
Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык комиссиянын алдындагы комитеттер паспортизация ЕАЭБ мамлекеттеринин унаа-логистикалык инфраструктурасын жакшыртарын бир ооздон белгилешет.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө унаа коридорлорунун электрондук паспорту түзүлө турганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган комиссиянын алдындагы комитеттердин инфраструктура жана логистика, ошондой эле темир жол унаасына арналган жыйынында ЕАЭБ мамлекеттеринин транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселелери каралды.

"Электрондук паспортторду киргизүү унаа-логистикалык инфраструктуранын өнүгүүсүн пландаштырып, так жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. Буга эсеп-чотту жакшыртып, жасалган жумуштарга анализ жүргүзүү менен гана жетишүүгө болот", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, комитеттер темир жол унаасындагы коопсуздуктун жалпы эрежелерин түзүү боюнча долбоорду карап, ЕАЭБ аймагында жүк, жүргүнчү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо маселеси талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0