Ошто студенттен пара алып жаткан факультет деканы кармалды

Жазылуу
Факультеттин жетекчиси студенттен акча алгандан кийин ага модуль тапшырууга уруксат бермекчи болгон.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ош шаарында студенттен модуль тапшырууга уруксат берүү үчүн жети миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан декан кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ош шаарынын Мамлекеттик юридикалык институтунун факультеттеринин биринде болгон. 

Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштерин Ош ШИИБнын тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0