Ата-энелер түрмөгө түшкөн спорт мектебинин тарбиялануучуларын чыгарууну суранып жатат

Жазылуу
Спорт мектебинин беш тарбиялануучусу Бишкектеги №38 мектеп-гимназияга кол салууну уюштурууга шектелип кармалган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында тарбияланган беш баланын ата-энеси аларды камактан чыгарууну суранып жатышат.

38-мектепте милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жаңжалдан улам спорт мектеби убактылуу жабылды
Буга чейин №38 мектеп-гимназиясына кол салуу боюнча аталган окуу жайдын жети тарбиялануучу кармалган. 21-октябрь күнү соттун чечими менен алар камакка алынган. 16-17 жаштагы үч тарбиялануучу Вознесеновка айылындагы тарбия-эмгек колониясына жөнөтүлсө, 18 жашка жеткен эки өспүрүм Бишкектеги №1 түрмөдө кармалууда. 

Балдардын ата-энеси бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, "эч кандай далилсиз" жашы жете элек балдар камакка алынганына нааразылык билдиришти. Сот дагы эки айдан кийин болорун белгилеген энелер чыр-чатакка катышкан 80 баланын ичинен бешөө эле камакка алынганына таң калышты. 

Алар камактагы балдарын эч жакка кетпөө кол катынын негизинде камактан чыгарууну суранып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0