Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын жети офицерине медаль ыйгарды

Жазылуу
Сыйлык офицерлердин мааракелик парадга катышып, жоокердик шериктештикти бекемдегени үчүн берилди.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын жети офицерин медаль менен сыйлаганын РФнын элчилиги билдирди.
Сыйлоо аземи Бишкекте өтүп, медалдарды коргоо маселелери боюнча атташе, биринчи рангдагы капитан Вячеслав Хлестов тапшырды.
"Жоокердик шериктешүүнү бекемдөөгө кошкон салымы үчүн" медалы менен отставкадагы полковник Мурат Бейшенов, Башкы штабдын офицери, полковник Нурлан Исраилов сыйланышты.
Улуттук гвардиянын командачысы Мелис Сатыбалдиевге "Жеңиш парадына катышкандыгы үчүн" медаль берилди.
Ушундай эле сыйлыкка Башкы штабдын офицерлери Эркин Осмонов, Кылычбек Айдаралиев, Абдила-аки Атаев жана Сапарали Бекмурзаев татыды.
Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Москва шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парад өткөн. Андан Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 75 жоокери Россия жана башка бир катар мамлекеттердин аскерлери менен Кызыл Аянтта бир катарда басышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0