Интеллектуалдык менчикти коргоонун жол-жобосу айкын болду

Жазылуу
Китеп илимпоздорго, жогорку окуу жайларынын техникалык, юридикалык, табият, искусство жана башка факультеттеринин студенттери менен окутуучуларына арналат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо тармагындагы негизги түшүнүктөр жана анын жоболору каралган Роман Оморовдун "Интеллектуалдык менчик" китеби жарык көргөнүн Улуттук Илимдер академиясы билдирди.

Академияда өткөн бет ачар аземине көрүнүктүү коомдук ишмерлер, ЖОЖ окутуучулары, окумуштуулар катышты.

Академик Абдыганы Эркебаев бул китептин келечек үчүн мааниси чоң экенин белгиледи.

"Сиз жаштарга, келечекке маанилүү китеп жаздыңыз. Материалдык дүйнө акыл-эске байланыштуу болот. Бул китеп үчүн академиянын атынан ыракмат айтам", — деди академик.

Монографияда интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо тармагындагы негизги түшүнүктөр жана анын жоболору, теориялык жана практикалык багыттары камтылган. Китеп илимпоздорго, жогорку окуу жайларынын техникалык, юридикалык, табият, искусство жана башка факультеттеринин студенттери менен окутуучуларына, ишкерлерге, ошондой эле жалпы окурмандарга арналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0