Атамбаев тоодо күн кечирген 40 жаштагы пенсионерлер тууралуу айтып берди

Жазылуу
Президент тоонун катаал шартында иштегени үчүн кошумча айлык алып, бирок өздөрү Бишкекте жашаган генералдар жөнүндө айтты.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда, өзгөчө күч структураларында бийик тоолуу аймакта иштегени үчүн кошумча акы алып, 40-45 жашында пенсияга чыккан адамдар бар деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин Жогорку Кеңеш жыйынында.

Анын айтымында, өлкө башчы тоонун катаал шартында иштегени үчүн кошумча айлык алып, бирок өздөрү Бишкекте жашаган генералдарды билерин айтты.

"Бийик тоолуу аймакта жашаганы үчүн 40-45 жаш куракта пенсияга чыгуунун зарылдыгынан күмөнүм бар. Бул үчүн кошумча акынын берилишин да түшүнбөйм. Мисалы, Колумбиянын борбору Богота шаары тоодо жайгашкан, эч ким эч нерсе болбой эле жашап атат", — деди президент.

Атамбаев Кыргызстандын айылда жашаган калкы Социалдык фондго болгону 1,3 пайыз киреше төгөрүн белгиледи. 

"Мындай болбошу керек. Адамдардын баары акча тапканга аракет кылышы керек", — деди өлкө башчы. 

Президент экономиканы өнүктүрүп, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүгө убакыт келгенин, анткени, каражат жактан көз карандысыз болгондо гана мамлекеттин өз алдынчалуулугу тууралуу сөз кылууга болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0