Кийингени көпчүлүктүн көңүлүн бурган журналисттер Жогорку Кеңешке киргизилбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги отурум. Архив
Жогорку Кеңештеги отурум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин да кийим маселесин депутаттар бир нече жолу талкууга алган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган жана спорт кийимдерин кийген журналисттер Жогорку Кеңешке киргизилбей турганын парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Дресс-код маселеси жаңы чакырылыштагы депутаттардын келиши менен кайтадан көтөрүлдү. Себеби, жыйындар башталган соң кээ бир журналисттерди "кийген кийими туура эмес" деген шылтоо менен парламентке киргизбей койгон.

Ак үйдүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: парламентте көлөччөн, самсаалап кийингендер жүрөт
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, "Административдик имаратка киргизүү жөнүндөгү" жобого ылайык бардык жарандар иш стилиндеги кийимдер менен кириши керек.

Ошол эле учурда Жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн кийимине карата катуу талап жок. Болгон көпчүлүктүн көңүлүн бурган жана спорт кийимдерин кийип келүүгө болбой турганын маалымат кызматы баса белгиледи.

Журналисттер парламенттин имаратаны жынсы шым менен кирсе болот, бирок ал өтө ачык түстө болбош керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0