Окумуштуулар топоздорду асылдандырууга киришет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТопоз. Архив
Топоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу аймакта жашаган элдин мал чарбачылыгында пайдаланылган топоздун асыл тукумдуулугун арттыруу илимдин негизинде ишке ашышы керектигин окумуштуулар белгилешти.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Топоздорду асылдандыруу жана кунарын көтөрүү менен окумуштуулар алектениши керектиги "Топозчулукту өстүрүү — тоолуу аймактардын жашоочуларынын социалдык абалын жана турмушун жогорулатуунун негизи" аталыштагы эл аралык илимий-практикалык семинарда айтылды.

Топоздун этинен ооз тийип кетиңиз
Маалыматка ылайык, Улуттук илимдер академиясында өткөн семинарга Монголия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана УИАнын мал чарбачылыгы менен алектенген окумуштуулары катышты. 

Семинарда Кыргызстанда топозду ысырапсыз туруктуу пайдалануу жана генетикалык ресурстарды башкаруу, башка мамлекеттердеги топоздордун айырмасы менен артыкчылыктары, Кыргызстандагы топозчулук маселелери талкууланды.

Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушевдин айтымында, иш-чара Топозчулукту өстүрүү, тоолуу жердеги жашаган элдердин социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу, топозчуларды жер-жеринде иштетүү маселесине арналууда.

"Окумуштууларыбыз топоздорубузду асыл тукумдаштыруу жана кунарын көтөрүү менен алектениши керек. Топозчулук менен алектенген фермерлердин ишин илим менен айкалыштырып, өнүмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл", — деди Жунушев.

Илимий-практикалык семинар эки күнгө созулуп, бүгүн аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0